Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 217/27-6
Талас шаарында көп кабаттуу үйлөргө жана мекемелерге жылуулук берүү ишканасынын 2015-2016-жылдын күз -кыш мезгилдерине карата даярдыгы жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 2015-жылдын иш планынын негизинде Талас шаардык кенешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын карап, талкуулап чыгып, Талас шаарында 2015-2016-жылдын күз- кыш мезгилдеринде көп кабаттуу үйлөрдүн жана мекемелердин жылуулугун камсыздоо, ишкананын жалпы чарбалык жана тейлөө ишин жакшыртуу максатында Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын (Ж.А.Төрөбеков) 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү, көп кабаттуу үйлөрдү жана мекемелерди жылуулук менен камсыздоо боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү боюнча күз- кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү жана көп кабаттуу үйлөрдүн, мекемелердин жылуулугун тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу жана батирлердин жашоочулары менен келишим боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Дебитордук карыздарды азайтуу жана көп жылдан бери жалпы дебитордук карыздын эсебинде келе жаткан өнбөгөн 5 746 400 сомду кыскартуу, 10 000 000 сомду түзгөн кредитордук карыздарды азайтуу боюнча тез арада иштиктүү аракеттерди көрүү жагы Талас шаарынын биринчи вице-мэринин (А.К. Койчубеков) көзөмөлүнө алынсын жана жыйынтыгы кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталсын.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.К.Осмонов) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |