Редакцияот 24.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Коргон айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

2015-жылдын 24-февралы № 4

Ак-Коргон айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Ак-Коргон айылдык аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине  таянып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Коргон айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде (кыргызча) гана кабыл алынсын.

2. Аталган токтом Жалал-Абад облустук "Акыйкат"  гезитине жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүно  милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Коргон айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Матхаликов Дониерга милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Т. Отаханов