Редакцияот 13.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 13-ноябры № 132

Акман айыл аймагынын  айылдарын электр чубалгылар менен камсыз кылуу  жөнүндө

Акман айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы туруктуу комиссиянын төрагасы А.Сариевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акман айыл аймагынын жаңы түшкөн айылдарын электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында  айылдарга электр чубалгылары боюнча маселени чечип берүү жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык саясат жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3. Токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы А.Атакуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Т.Р.Жолдошов