Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-февралы № 15/2
Кичи гранттар боюнча артыкчылыкка ээ болгон долбоорго Өнүктүрүү саясат институту тарабынан бөлүнүп берилген акча каражатын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Кокүнбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХV-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Өнүктүрүү саясат институту тарабынан кичи гранттар боюнча артыкчылыкка ээ болгон долбоорго, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетине которулуп берилген 400,0 (төрт жүз) миң сом акча каражаты, Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн конторасына эмеректерди сатып алуу үчүн бекитилип берилсин.
2. Эмеректерди сатып алуу үчүн акча каражатын которуу жана керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо жагы ФЭБ башчысы Кокунбаевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн веб сайтына Janyjol-aksy.kg расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Адылбековко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
Э.Байышов |