Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-февралы № 15/3
Ж.Мамытбеков атындагы орто мектебинин жылуулук системасына, өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясынын, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Ж.Мамытбеков атындагы № 10 орто мектептин жылуулук системасын ремонттоо, от казан куруу боюнча мектеп директору А.Эргешовдун өздүк салымга жазган баяндамасын талкуулап,
Жергиликтуу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Ж.Мамытбеков атындагы орто мектептин жылуулук системасына ремонт жасоо жана от казан куруу боюнча өздүк салымга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 130,0 миң сом каражат бөлүнүп берилсин.
2. Аталган токтомду Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн веб сайтына Janyjol-aksy.kg расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Адылбековко жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жергиликтүү Кеңештин бюджет комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
Э.Байышов |