Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 17/1
Жаңы-Жол айыл аймагындагы тургундардын жеке менчигиндеги малдарды жакынкы жана алыскы жайыттарга чыгаруу жана жайлоодон көчүп келүү мөөнөтүн бада төлөмүн бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Жаңы-Жол айыл аймагындагы айылдарда өткөн чогулуштардын жыйынтыгы боюнча, айыл башчылардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Жол айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т;
1. Жакынкы жайыттарга көчүү-01.05.2015-жылга.белгиленсин. Жайлоодон көчүп келүү—10.09.2015-жылга белгиленсин. Белгиленген күндөн эрте көчүп келип, эгиндерди майкандаткан бадачыга административдик чаралар көрүлсүн.
2. Бада төлөмү—жандыкка-60 сом,кара малга-300 сом, тузу ичинде. Жоголгон малдын ордуна башына баш төлөнүп берилсин. Белгиленген бааны бузган бадачыларга актынын негизинде административдик чаралар көрүлсүн.
3. Жер айдоо төлөмү-үлүш жерлер—40 сомдон,менчик огороддор—50 сомдон белгиленсин.
4. Аталган токтомду Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн веб сайтына Janyjol-aksy.kg расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Адылбековко жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Байышов |