Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-апрели № 17/2
Жаңы-Жол айыл аймагынын таштанды таштоочу жерине, жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл аймагынын таштанды таштоочу жер аянты боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жергиликтүү айылдык Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги ХVII cессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын таштанды таштоочу жайына Катыраңкы-Сай участкасынан 0,70 га жер аянты бекитилип берилсин
2. Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Аксы районунун мамлекеттик каттоо, архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган токтомду Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн веб сайтына Janyjol-aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Адылбековго милдеттендирилсин.
4. Жер аянтынын ордун көрсөтүү жагы жер адиси М.Акматовго жана бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Байышов |