ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы
2015-жылдын 10-июну № 18/1
Жаңы-Жол айылына маркумдар коюлуучу мазардын жер аянтын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жол айылына маркумдар коюлуучу мазардын жер аянты боюнча 30.04.2015-жылда түзүлгөн комиссиянын жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Акматовдун,айылдык Кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жергиликтүү айылдык Кеңештин VI чакырылышынын кезектеги ХVIII cессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаңы-Жол айылына маркумдар коюлуучу мазарга Татты-Дан участкасынан 5,0 га жер аянты бекитилип берилсин.
2. Аталган жер аянтынан чөп чабыкка үлүш алган 8(сегиз) кожолукка, чөп чабык аянтын тактап берүү жана Жаны-Жол айыл өкмөтү боюнча чөп чабык аянттарды кайра ченеп тактоо жагы 2015-жылдын аягына чейин Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Акматовго жүктөлсүн.
3. Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Аксы районунун мамлекеттик каттоо, архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4. Чөп чабык аянттарды кайра ченөө үчүн каражат менен каржылоо жагын карап чыгуу бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Аталган токтомду Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн веб сайтына Janyjol-aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Адылбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Байышов |