ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 3
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылына каналдын трубасын тартууга иш кагаздарын даярдоо үчүн акча каражатын кароо жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Сох дарыясынын боюнан Чоң-Кара айылына каналдын трубасын тартууга иш кагаздарын даярдоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү максатында депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылына тартылуучу каналдын иш кагаздарын даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | М.Жалалов |