Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-июлу № 3
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Оток чек ара постуна машыгуу үчүн 1,5 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Оток чек ара постуна машыгуу өткөрүүчү жай үчүн Ак-Турпак айылынын түштүк-чыгыш жагынан 1,5 га жер аянтын бөлүп берүү боюнча айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Т.Толобаевдин билдирүүсү депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Оток чек ара постуна машыгуу өткөрүүчү жай үчүн Ак-Турпак айылынын түштүк-чыгыш жагынан 1,5 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | М.Жалалов |