Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-июлу № 4
«Баткен аймактык Таза-Суу» муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндө
«Баткен аймактык Таза-Суу» муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндө Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2015-жылдын 09-июлундагы V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясынын № 4 токтомуна ылайык «Баткен аймактык Таза-Суу» муниципалдык ишканасына Төрт-Гүл айыл өкмөтү уюштуруучу болуп кирсин.
2. «Баткен аймактык Таза-Суу» муниципалдык ишканасына Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы өкүл болуп киргизилсин.
3. Баткен району Төрт-Гүл айыл өкмөтү каттоо датасы
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району, Чоң-Талаа айылы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Артыковго тапшырылсын.
Төрага | М.Жалалов |