Редакцияот 19.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-октябры № 1

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан жарыяланган “Коммуналдык инфратүзүмдөрдү каржылоо VIP-KFW 3-этап” долбоорунун алкагында инвестициялык конкурска катышуу үчүн ар бир айылдын көйгөйлөрүн калк аркылуу аныктап чыгышкан демилгечи топтордун сунушун карап жана коомдук угуулардын жыйынтыгынын негизинде Төрт-Гүл айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү максатында Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ар бир айылдын көйгөйлөрүн калк аркылуу аныктап чыгышкан демилгечи топтордун сунушунун жана коомдук угуулардын жыйынтыгынын негизинде Төрт-Гүл айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Жалалов