Редакцияот 19.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-октябры № 3

Чоң-Кара айылына бала бакча куруу үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылына бала бакча куруу үчүн долбоорун үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунуштоо боюнча, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Артыковдун сунушун  депутаттар угуп жана талкуулап  Төрт-Гүл айылдык  Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылына бала бакча куруу үчүн жер аянттарын тактоо максатында  кийинки сессияга калтырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М.Жалалов