Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 1
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ж.Саятчинованын билдирүүсун угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2013- жылдын бюжетинин киреше-чыгаша бөлүктөрүн өзгөртүү жана кошумча киргизүү менен – 10050.0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү 3121.2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Мунун ичинен:
1. Тендештирме грант 2307.9 миң сом
2. Салыктык кирешелер 813.3 миң сом деп бекитилсин анын ичинен атайын каражат 57.8 миң сом.
3. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2014- жылдын киреше жана чыгаша бөлүгү 3121.2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Мунун ичинен :
1. АУП-2045.8 миң сом
2. Маданият-107.2 миң сом
3. Билим берүү – 954.5 миң сом
4. женилдиктер – 13.7 миң сом расчету тиркелет
Кассада накталай каражаты 30.0 миң сом өлчөмүндө сакталсын.
4. Айыл өкмөтүнө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды лимиттен чыкпай үнөмдөө жана сапаттуу пайдалануу, ысырапкорчулука жол бербөө жагы ФЭБ башчысы Ж.Саятчиновага тапшырылсын.
5. Биринчи кезекте корголгон статьялар каржылансын, эмгек акы, соц.фонд, коммуналдык чыгымдар, тамак-аш жеңилдиктер жана башка статьялар.
6. Тендештирме гранттан 1048.4 миң сом былтыркы жылдан ашык каралган жана коммуналдык чыгымдарды толугу менен каржылоого жумшалсын.
7. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетине киреше жана чыгаша бөлүктөрү 3121.2 миң сом эсебинде бекитилсин.
8. Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин долбоору – 3185.9 миң сом жана 2016-жылга - 3303.6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кызы 3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу учун Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Б. Кыдырмаевге жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |