Редакцияот 23.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ 8-СЕССИЯСЫ

 

2014-жылдын 23-марты № 3

Кызыл-Жылдыз айылында «Байчечекей-Жумгал» бала-бакчасын кеңейтүү жөнүндө

Кызыл-Жылдыз айылындагы «Байчечекей-Жумгал» бала-бакчасына кеңейтүүгө дем берүүчү грантка кирүүдөгү өздүк салым жөнүндө Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Жылдыз айылындагы «Байчечекей-Жумгал» бала-бакчасын кеңейтүү тууралу дем берүүчү грантка өтүп жаткандыктан Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын үнөмдөлгөн каражатынан 41000 (кырк бир) миң сом өздүк салым үчүн которуп берилсин.

2. Каражатты которуу Кызыл-Жылдыз өкмөтүнүн финансы — экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Саятчиновага жүктөлсүн.

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg  веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Б. Кыдырмаевке жүктөлсүн.

 

Төрайым

Г.Калмаматова