Редакцияот 18.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 18-ноябры № 21/1

“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө

Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери айтылган кемчилдиктерди эсепке алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Өзгөн шаарынын мэрине:

- «Өзгөн Тазалык»  муниципалдык ишканасынын  башкаруу системасын реформалоону тез арада аягына чыгаруу;

- ишкананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу багытында  иштиктүү чараларды көрүү жана шаардын тазалыгын дайыма көзөмөлдөп туруу;

- альтернативдик ишкана уюштуруунун эффективдүүлүгү боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү милдеттендирилсин.

3. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу К. Бодоновко:

      - текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2016-жылдын 1-февралына карата   шаардык Кеңешке маалымат берүү;

-чарбалык эсеп менен иш жүргүзүүнү тез арада өздөштүрүү, өнбөгөн төлөмдөрдү тез арада өндүрүү жана ишкананы рентабелдүү ишканалардын катарына кошуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү;

 -  шаардагы ар бир кожолук менен келишим түзүүнү 2015-жылдын 31-декабрына карата аягына чыгаруу, абоненттик кызматтын ишин жандандыруу;

-кызматкерлердин аткаруучулук тартибин, иштин натыйжалуулугун камсыздоодо алардын жоопкерчилигин күчөтүү жагы, ишкананын штатын оптималдаштыруу;

 - муниципалдык менчиктеги мүлктү жана каражаттарды эффективдүү пайдалануу;

 - бухгалтериялык эсеп иштери так жүргүзүлбөгөндүгү үчүн башкы эсепчинин жана ишкананын ишин өз нугунда жүргүзүүнү жолго койбогон башка кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо;

- шаардык кеңештин токтомдорун өз мөөнөтүндө жана так аткаруу милдеттендирилсин.

4. Токтомду расмий түрдө жарыялоо жагы Өзгөн шаардык Кеңешинин аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин  «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

                                                  

Төрага

А.Насыров