Редакцияот 18.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 18-ноябры № 21/2

Өзгөн шаар мэриясынын 2015-жылдын 9-октябрындагы Өзгөн шаарындагы «Ай-Мээрим» балдар бакчасын реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түзүлгөн долбоорду колдоо жөнүндөгү  №670 каты

Өзгөн шаардык Кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги ХХI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу  боюнча» туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 19-октябрындагы отурумунун №7 жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика  саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын 20-октябрындагы отурумунун №4 протоколдорунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарындагы «Ай-Мээрим» балдар бакчасын реконструкциялоо жана капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн түзүлгөн долбоорду колдоого Өзгөн шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 430 миң 794 сом каражат бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Жогорудагы долбоорду Өзгөн шаарынын 2016-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүгүү программасына (титулдук тизмеге) киргизип, долбоорлор менен иштөөгө колдоо көрсөтүүгө каралган каражаттардын эсебинен каржылоо жагы Өзгөн шаарынын мэрине жана каржы бөлүмүнүн башчысы М. Розахуновко милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Өзгөн шаардык Кеңешинин     «Бюджет, салык, инвестиция тартуу» боюнча  жана «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика  саясаты боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

                                                  

Төрага

А.Насыров