Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-декабры № 26/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн электр энергиясынан үнөмдөлгөн акча каражаттарын башка сатьяларга которуп берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн электр энергиясынан үнөмдөлгөн акча каражаттарын башка статьяларга которуп берүү тууралуу Дөбөлү айыл өкмөтү Ибраимакун уулу Жанышбектин билдирүүсүн угуп жана алкуулап, депутаттардын Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн электр энергиясынан үнөмдөлгөн 133300 сом акча каражатары төмөндөгү статьяларга жылдырылып берилсин.
- статья 2211 сапар чыгымдарына – 14300 сом:
- статья 2122100 телефондук жана факсимилдик байланыш кызматы 5000 сом;
- статья 22154300 маалыматтык –комуникациялык кызмат көрсөтүү 10000 сом;
- статья 22154900 башка кызматтарга акы төлөө 29000 сом;
-статья 31123290 башка механизмдер жана жабдууларды алуу 23000 сом;
-статья 31123230 компьютердик жабдууларды алуу – 52000 сом .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын башчысы Ибраимакун уулу Жанышбекке, айылдык кеңештин депутаттарына, туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | К.Исаков |