Редакцияот 04.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ - АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

        Салам-Алик айыл кеңешинин кезексиз 5-чакырылыш 20-сессиясы 

 

2015-жылдын 4-апрели № 170

Салам-Алик айыл өкмөтүнө Кызыл-Чарба айылына маданият үйүн ачуу жана ага жетекчилик штаттык бирдик ачуу жөнүндө

     “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын № 31-беренесине ылайык жана Кызыл-Чарба айылына маданият үйүн ачуу, анын штаттык бирдигин бекитүү боюнча Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Шайбеков Ысмайлдын маалыматын жана сунушун колдоп, жалпы депутаттардын добушуна ылайык айыл кеңешинин  5-чакырылыш кезексиз 20-сессиясы төмөндөгүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл-Чарба айылына айылдык маданият үйүн  жана анын бир  жетекчилик штаттык бирдигин ачуу жагы Өзгөн райондук мамлекеттик админстрациясынан жана райондук маданият бөлүмүнөн суралсын.

2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин  мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Таштемиров