Редакцияот 14.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин   XXVI  чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы 

 

2015-жылдын 14-августу № 1

Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы  Аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө

05.07.2002-жылдагы «Кыргыз Республикасынын аксакалдар соту жонундогу»  №113 Мыйзамынын 11-беренесинин  негизинде жана аксакалдар сотунун төрагасы Д.Бекжановдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги  XXII  сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын  2013-жылдын 05-сентябрындагы VII сессиясынын № 6 токтому менен бекитилген Масы айыл өкмөтүнүн  алдындагы  аксакалдар сотунун курамы мөөнөтүнөн мурда  бошотулсун.

2. Масы айыл өкмөтүнүн алдындагы  аксакалдар сотунун  курамы төмөнкү курамда 3 жылдык мөөнөткө бекитилсин.

1. Бекжанов Даирбек –аксакалдар сотунун төрагасы.

2. Ажыматов Мавлянбек – аксакалдар сотунун орун басары.

3. Чурекова Жаркынай- аксакалдар сотунун катчысы.

4. Суяров Махаматали- аксакалдар сотунун мүчөсү.

5. Аракулов Абдымалик- аксакалдар сотунун мүчөсү.

 

3. Масы айылдык кеңешинин  XXVI чакырылышынын  2013-жылдын 05-сентябрындагы  VII сессиясынын  № 6 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын,  расмий жарыяланган соң,  Жалал-Абад областтык  юстиция башкармалыгына  ченемдик укуктук  актылардын  мамлекеттик  реестрине  киргизүү  үчүн  жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Абдалиевге тапшырылсын.

 

Төрага

С.Арзиев