Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-августу № 2
Масы айыл Өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы Өнүктүрүү саясат институту менен консорциумда ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорун турмушка ашырууда каралган гранттык каражатты пайдалануу жана аткаруу максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Масы айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долбоордун негизинде техникалык жардам катары берилүүчү гранттык каражаты 235725 (эки жүз отуз беш миң жети жүз жыйырма беш) сомду айыл өкмөтүнүн атайын киреше каражат эсептик счетуна 14239400 кошумча өзгөрүүлөрдү киргизүү Масы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө кириштелген 235725 (эки жүз отуз беш миң жети жүз жыйырма беш) сом акчаны чыгаша каражат счетуна 31121290 которуп берүү жагы фининсы-экономикалык бөлүмдүн башчысы К.Калматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Эшенкуловко жүктөлсүн.
Төрага | С.Арзиев |