Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-августу № 3
Масы айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 581-контурда жайгашкан 0,90 га жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Масы айыл аймагынын айыл чарба чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жер тилкелерин ижарага берүү боюнча комиссиянын төрагасы С.Оморалиевдин сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айыл аймагынын айыл чарба чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жер тилкелерин ижарага берүү боюнча комиссиянын төрагасы
С.Оморалиевдин сунушу эске алынсын.
2. Масы айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун 581-контурда жайгашкан 0,90 га жер тилкесине бак-дарактарды эгүү үчүн керектүү документтерди тактоо жана даярдоо Масы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Маматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кенешинин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Абжапаровго жүктөлсүн.
Төрага | С.Арзиев |