Загрузка документа…
МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-августу № 5
Масы айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын сунушун кароо жөнүндө
Масы айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын 2015-жылдын 06.07. сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылынын Жаңы-Турмуш көчөсүнүн тургуну М.Сайфудинованын ижарага алган 10 га бак аянты үчүн 2015-жылга ижара акысынан бошотууга негиз жок экендиги белгиленсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Масы айылдык Кеңешинин айыл, суу чарба жана кайра иштетүү тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Абжапаровго жүктөлсүн.
Төрага | С.Арзиев |