Редакцияот 01.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы 

 

2015-жылдын 1-декабры № 3

 

Масы айылындагы базардагы мал жана кой этинин баасы жөнүндө

Масы айыл аймагындагы тургундардын кайрылууларын   угуп  жана талкуулап  Масы айылдык  Кеңешинин  ХХVI чакырылышынын  кезектеги  XXIII сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Масы  айыл  аймагындагы  тургундардын  кайрылуусу  эске  алынсын.

2. Масы  айылындагы  базардагы  кассапканаларда  мал  эти  280 сом,  кой  эти 290  сомдон   сатуу  баасы  бекитилсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын,  расмий жарыяланган соң,  Жалал-Абад областтык  юстиция башкармалыгына  ченемдик укуктук  актылардын  мамлекеттик  реестрине  киргизүү  үчүн  жөнөтүлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Масы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Б.Жусупбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Арзиев