МАСЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Масы айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2015-жылдын 1-декабры № 4
Масы айылындагы Чыгыш көчөсүнө Жаңыбай Эсенбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Мурдагы Ленин райондук оорукана учурдагы Ш.Суеркулов атындагы Ноокен аймактык оорукананын түптөлүшүнө кошкон салымын жана көп жыл талыкпай эмгектенип, элине зор салымын кошкондугу үчүн эмгекчилдиги, «Эмгектеги күжүрмөндүүлүгү», «Эмгектин ардегери» медалдары жана «Саламаттыкты сактоонун отличниги»нин ээси маркум Жаңыбай Эсенбаевдин ысымын Масы айылындагы Чыгыш көчөсүнө ыйгаруу боюнча Чыгыш көчөсүнүн тургундарынын 2014-жылдын 1-декабрындагы чогулушунун токтомун жана Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун сунушун угуп жана талкуулап Масы айылдык Кеңешинин ХХVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Масы айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жусупбековдун маалыматы эске алынсын.
2. Масы айылындагы Чыгыш көчөсүнө Жаңыбай Эсенбаевдин ысымы ыйгарылсын.
3. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
4. Чыгыш көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Жаңыбай Эсенбаевдин жакын туугандарына (жубайы, балдары) милдеттендирилсин.
5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү, көчөнүн жарыктандырууну, тазалыгын, көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жүргүзүү өз каражатынын эсебинин камсыздоо маркум Жаңыбай Эсенбаевдин үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын, расмий жарыяланган соң, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Масы айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Юлбарсовго жүктөлсүн.
Төрага | С.Арзиев |