Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 22/3
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы 68 га үлүш кайрак жер үлүш ээлеринин ар бирине билдирүү берүү, жери такталып, документ кылуу жагы жер ээлерине милдеттендирүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык Кеңеши, айыл өкмөтүнүн аймагындагы 68 га кайрак үлүш жерин, үлүш ээлерине ар бирине билдирүү берүү,жери такталып, документ кылуу жагы жер ээлерине милдеттендирүү жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы 68 га кайрак жер үлүшүн, үлүш жер ээлеринин ар бирине билдирүү берилсин.жери такталып, документ кылуу жагы жер ээлерине милдеттендирилсин бул токтомду жеткирүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Тажибаев |