Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 22/4
«Табарак» кайрымдуулук фондунун генералдык директору жолдош Абдуллах Шейх Жаберге, анын жардамчысы Турсуматова Майрам Эргешовнага Керме-Тоо айылдык аймагынын «ардактуу атуулдары» наамын ыйгаруу жөнүндө жана кувейт мамлекетинин жараны жолдош Доктор Тарифге Керме-Тоо айылдын Кеңешинин жана Керме-Тоо айыл аймагынын «Ардактуу коногу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык Кеңешинин аймагында жана Керме-Тоо айылдык аймагында бир топ кайрымдуулук иштерди жүргүзүп, биз менен тыгыз өнөктөш болуп иштешип, өздөрүнүн салымдарын кошуп келе жаткан «Табарак» кайрымдуулук фонду: Жаны-Жол, Манас айылдарына 2 чон мечит заманбап типте, 2 млн. сомдук каражат берген, андан тышкары килем, колонка, усилительный микрофондор берилди. Өткөн жылдын Курман айтында беш баш кой берди быйыл жылдын орозо иптардыгына 50 мин сом берди. «Сезим» майып балдар бакчасына 208мин сом, Жаны-Жол айылындагы суу көлмөсүнө 900 мин сом, Жаны-Жол айылындагы медресеге 1 млн. сом акчалай каражаттарды бөлүштүрүп олтурат. Мындан сырткары багар көрөөрүжок, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүүнү пландаштырып жатышат. Бул фонддун ишмердүүлүгүн көрүп, мындан ары тыгыз байланышта, өнөктөштүктө иштешүү максатында «Табарак» кайрымдуулук фондунун генералдык директору Абдуллах Шейх Жаберге, анын жардамчысы Турсуматова Майрам Эргешовнага Керме-Тоо айылдык Кеңешинин жана Керме-Тоо айылдык аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу сунушу жана Кувейт мамлекетинин жараны Доктор Тарифге Керме-Тоо айылдык Кеңешинин жана Керме-Тоо айылдык аймагынын «Ардактуу конок» наамын ыйгаруу сунушу түштү: жогорудагы сунушту карап талкуулап чыгып Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Табарак» кайрымдуулук фондунун генералдык директору Абдуллах Шейх Жаберге,анын жардамчысы Турсуматова майрам Эргешовнага Керме-Тоо айылдык Кеңешинин жана Керме-Тоо айылдык аймагынын «Ардактуу атуулдары» деп табылсын.
2. Кувейт мамлекетинин жараны Доктор Тарифге Керме-Тоо айылдык Кеңешинин жана Керме-Тоо айылдык аймагынын «ардактуу коногу» деп табылсын.
3. Керме-Тоо айылдык Кеңешинин жана Керме-Тоо айылдык аймагынын «Ардактуу атуулу», «Ардактуу коногу» наамдарына тийиштүү болгон документтерди даярдоо, аткаруу жагы Керме-Тоо айылдык айылдык аймагынын башчысына жүктөлсүн.
4. Керме-Тоо айылдык Кеңешинин жана Керме-Тоо айылдык аймагынын «Ардактуу атуулу», «Ардактуу конок» наамына диплом, лента, алкыш баракчаларын даярдоо жана жасатууга кетүүчү акчалай каражаттарды чечип берүү жагы Керме-Тоо айылдык аймагынын жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Рысбаеваге жүктөлсүн.
Төрага | А.Тажибаев |