Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 22/5
Керме-Тоо айылдык аймагынын кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерине келечек планын түзүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык аймагынын Кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерине келечек план түзүү үчүн иштиктүү планын карап талкуулап чыгып, Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги 6 маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айылдык аймагынын кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерине келечек планын түзүү, даярдоо, жасатуу иштиктүү иш план иштеп чыгуу жагы Керме-Тоо айыл аймагынын башчысына жүктөлсүн.
2. Керме-Тоо айыл аймагынын Кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерине келечектүү, иштиктүү планды даярдап, түзүүгө жана жасатууга тийиштүү болгон акчалай каражаттарды таап, тутуп иштетүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Рысбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.Тажибаев |