Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 22/7
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы музыкалык ийримдик катышуучуларынын улуттук кийим формалары жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы музыкалык ийримдин мүчөлөрүнө улуттук кийим формаларын алып берүү маселесин талдап, талкуулап чыгып Керме-тоо айылдык Кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы музыкалык ийримдин мүчөлөрүнө улуттук кийим формаларды алып берүү жана камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алдындагы музыкалык ийримдин мүчөлөрүнө улуттук кийим формаларды алып берүүгө жана улуттук кийим форма менен камсыздоого тийиштүү болгон акчалай каражаттарды чечүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Рысбаевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А.Тажибаев |