Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 22/9
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине шайлоо өткөрүү боюнча Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын материалдык техникалык абалы менен камсыздоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин жарлыгына ылайык 2015-жылдын 4-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине шайлоо өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан УШКалардын материалдык-техникалык абалын чындоо маселесин карап чыгып,кызуу талкуула, Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. КР ЖК шайлоо өткөрүү боюнча Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан участкалык шайлоо комиссияларына тийиштүү шарттарды жаратып, шайлоо өткөрүү үчүн материалдык-техникалык камсыздоо Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
2. КР ЖК шайлоо өткөрүү боюнча Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын шайлоо өткөрүү боюнча тийиштүү шарттарды жаратып,материалдык жана техникалык базасын чындоого керектелүүчү акчалай каражаттар менен камсыздоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Рысбаевагв жүктөлсүн.
Төрага | А.Тажибаев |