Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 22/10
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында түрдүү себептер менен биометрикалык каттоодон өткөрүү үчүн тийиштүү иш чараларды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында түрдүү себептер менен биометрикалык маалымат бербей жана кттоодон өтпөй жүргөн жарандарды, өзгөчө алыскы Чөгөм, Кичик-Алай айылдаррында жашап жаткан, ошондой эле айыл өкмөтүнүн аймагында 1994-жылкы паспортторду алып жүргөн 103 жаран аныкталды жана биометрикалык маалымат бере элек 300 адам такталды. Ал эми СССР убагындагы поспорту 8 жаран алып жүргөндүгү такталды. Ушул иштерди аткаруу уюштуруу жана даярдоо, алыскы айылдарга атайын автомашина жалдап, аппараттарды, фотоаппараттарды алып барып тартырып, өткөрүп келүү маселесин карап, талкуулап чыгып Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан жарандарды өзгөчө СССР убагындагы кызыл паспортту алып жүргөн 8 жаранды КРнын 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду алып жүргөн 103 жаранды биометрикалык маалыматты бербей жүргөн 300 жаранды өткөрүүнү уюштуруу жана тийиштүү иш чараларды көрүү маселеси айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан жарандардын СССР үлгүсүндөгү паспортту 8 жарандын, КРнын 1994-жылкы үлгүсүндөгү 103 паспорттун жана биометрикалык маалымат бербей жүргөн 300 жаранды өткөрүү, сүрөткө түшүрүү, маалымат топтоого техника уюштуруу, даярдоо, жалдоо иштерине тийиштүү болгон акчалай каражаттарын чечүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Рысбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.Тажибаев |