Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 22/11
Айыл өкмөтүнүн күтүлбөгөн чыгымдар статьясынын аткарылышы жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнө, айыл өкмөтүнүн аймагында аткарууга зарыл болгон же болбосо өзгөчө кырдаалга тете болгон же болбосо аткарууга өтө зарыл болгон иштерди аткаруу максатында күтүлбөгөн чыгымдарга акчалай каражат караштыруу маселени карап, талкуулап чыгып Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтү, айыл өкмөтүнүн аймагындагы аткарууга зарыл болгон, өтө муктаждыктагы иштерди аткарууга зарыл болгон мезгилде тийиштүү иш чараны көрүп маселени чечкиндүү кабылдоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтү аткарууга зарыл болгон жумуштарга күтүлбөгөн чыгымдарга тийиштүү акчалай каражаттарды таап маселени чечүү үчүн финансы каражаттарды чечүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Рысбаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.Тажибаев |