Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-августу № 22/12
Күндөлүк башталгыч мектебинин имаратынын техникалык абалы жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн балансында турган «Күндөлүк» башталгыч мектебинин имаратынын техникалык абалы жөнүндөгү маалыматы жана Араван райондук жер комиссиясынын актысынын материалдары менен таанышып чыгып, талкуулап, Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттар төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн балансында турган «Күндөлүк» башталгыч мектебинин имаратынын техникалык абалы начар болгондуктан анын ордуна мектеп курдурууга тийиштүү болгон документтерди даярдоо, бүткөртүү жагы Керме-Тоо айыл аймагынын башчысына жүктөлсүн.
2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн баласында турган «Күндөлүк» башталгыч мектебинин имараттын ондоо, түзөө иштерине болгон акчалай каражаттарды караштыруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Рысбаевага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы жооптуу катчы А. Шамуратовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Тажибаев |