Редакцияот 25.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кеңешинин  IV чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2015-жылдын 25-ноябры № 01-7/26

Самаркандек айыл өкмөтунун Миң-Өрүк участкасына айыл статусун ыйгаруу сунушун берүү жөнүндө

Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн  жана  Cамаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк участкасынын тургундарынын жалпы чогулушунун токтомун карап чыгып, Самаркандек айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги VI  сессиясы күн тартибиндеги маселени карап, талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк участкасына айыл статусун ыйгаруу жөнүндө сунуш берилсин.

2. Тийиштүү документтерди даярдап, Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүү жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Мамаяровага тапшырылсын.   

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык Кеңешинин социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Насыров