Редакцияот 19.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин  (VI чакырылыштагы)  кезектеги  ХХV сессиясы

 

2015-жылдын 11-ноябры № 25/2

Көк-Жаңгак шаарынын мэринин №118-0  29.10.2015-жылдагы каты жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардын мэри Ж. Юсуповдун кайрылуу катын карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин  (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Арис» программа аркылуу Көк-Жаңгак шаарына бөлүнүп берилген  эксковатордун  баасына шаардык өздүк салымын кошуу үчүн 150,0 (Бир жүз элүү  мин) сом акча каражат 2015-жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен  жергиликтуу бюджетке пландан сырткары  түшкөн  акча каражат эсебинен  жана 10,0 (он мин) сом акча каражаты коммуналдык муниципалдык департаментинин чыгаша сметасынын эсебинен:                                    

Баардыгы болуп 160,0 (Бир жүз алтымыш миң) сом бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткаруу жагы шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Эргашевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга (З.Арзыкуловага) тапшырылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

К. Курбанов