С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 19-сессиясы
2015-жылдын 5-декабры № 19-2
С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2015-жылда 9 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында стратегиялык өнүктүрүү (СРС) планынын аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин отчетун угуп, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин эсеке алуу менен С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2015-жылда 9 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу багытында айыл өкмөтү тарабынан аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин отчету бекитилсин.
2. Айылдык Кеңештин аймагында социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууда кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышын сапаттык денгээлин жогорулатуу, айыл өкмөтүнүн башкаруучулугун өнүктүрүү, элдик демилгелерди колдоп кубаттап, айыл өкмөтүнүн апаратында иштеген кезматкерлерди жоопкерчилигин күчөтүп, алардын илимий-практикалык жөндөмүнөн натыйжалуу пайдаланып, ички жана тышкы резервтерден толук пайдалануу менен айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүмүнү толуктап, чыгаша бөлүмүндө көрсөтүлгөн чыгымдардан максаттуу пайдаланып, керексиз чыгымдарды кыскартууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Республикабызда социалдык-экономикалык багытында кабыл алынган программаларды жана 2012-2017 жылдарда айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүүгүсү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жандандыруу, жакыр, колунда жок үй-бүлөлөргө даректүү жардам берип, аларды экономикалык маданий, рухий жактан өсүп-өнүүгүсүнө көмөк көрсөтүү айыл өкмөтүнө жана анын аймагында жайгашкан ишкана-мекемелердин жетекчилерине тапшырылсын.
4. Учурдагы базар экономикасынын шартында агрардык сектордо иштеп жаткан дыйкан-фермер чарбаларына жакындан практикалык жардам берип, кредит менен иштөө ыкмаларын үйрөтүп, инвестицияларды тартуу менен кайра иштетүүчү кичи цехтердин ишин жандандырып, жаңыларын куруу менен жаңы жумуш орундарын түзүү, өз ара жардамдашуу топторун, жамааттык уюмдардын аткарып жаткан иштерин колдоп, аларды моралдык жактан колдоп кубаттоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. 2015-жылда социалдык-экономикалык, маданий багыттарда аткаруу үчүн белгиленген иш-чаралардын өз убагында так аткарылышын камсыз кылууда, айылдырды көрктөндүрүү, жашылдандырүү жана башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган элди мобилизациялоону мындан ары дагы жогорку денгээлге көтөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Маннанов |