С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 19-сессиясы
2015-жылдын 5-декабры № 19-9
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн берилүүчү жердин өлчөмүн аныктоо жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн тургундарына жеке менчик турак жай куруу үчүн берилүүчү жердин өлчөмүн аныктоо боюнча Араван районунун шаар куруу башкармасынын башчысы Б. Акматалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн тургундарына айыл Өкмөтүнүн октябрь айылынан жеке менчик турак жай куруу үчүн берилүүчү жердин өлчөмү 0,06 га болуп бекитилсин.
2. Жеке менчик турак жай куруу үчүн берилүүчү жердеги социалдык маселелерди карап чечүү С. Юсупова айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге тапшырылсын.
Төрага | Б.Маннанов |