Редакцияот 05.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 19-сессиясы

 

2015-жылдын 5-декабры № 19-16

 

Араван айылындагы Хамза көчөсүнүн тургундарынын Хамза көчөсүнүн аталышын өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызы

Араван айылындагы Хамза көчөсүнүн тургундарынын Хамза көчөсүнүн аталышын өзгөртүүгө макулдук сурап жазган арызын карап чыгып, 2014-2015-жылдарда Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн элдин биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча иш планында 2016-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын аймагындагы көчөлөрдүн, айылдарын аталыштарын өзгөртүрүүгө мораторий киритилгендигин жана айылдык Кеёештин депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылындагы Хамза көчөсүнүн аталышы өзгөртүүсүз калтырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

Төрага

Б.Маннанов