С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырык 19-сессиясы
2015-жылдын 5-декабры № 19-17
Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүнүн тургундарынын А. Сайдахматов көчөсүнө кошумча трансформатор алып орнотууга жардам берүүнү сурап жазган арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүнүн тургундарынын А. Сайдахматов көчөсүнө кошумча трансформатор алып орнотууга жардам берүү жөнүндө жазган арызы боюнча айыл Өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Р. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Араван айылынын А. Сайдахматов көчөсүнө кошумча трансформатор алып орнотууга жардам берүү маселеси айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдагы иш чараларынын планына жана бюджетине киргизүү сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл Өкмөтүнө жана айылдык Кеңештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Маннанов |