Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-декабры № 19-19
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Нооруз айылынын Мунчок Төбө участкасынын тургундарынын айылдык кеңеш тарабынан Каюмова Раисага Беш чоку участкасынан 17,0 га жер ажыратууга макулдук берилген токтомду жокко чыгарууну суранып жазган арызы
С. Юсупова айылдык Кеңешинин 30.04.2015-жылдагы 4-чакырык 16-сессиясында Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн №35-үйүнүн тургуну Каюмова Раиса Нурдинжановнанын айыл Өкмөтүнүн Мончок Төбө участкасындагы №407 сандуу контурдагы 9,8 га жана №754 сандуу контурдагы 7,7 га, жалпы аянты 17,5 га жер тилкесин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн пайдаланууга берүү боюнча №16-8-токтому кабыл алынган. Нооруз айылынын Мунчок Төбө участкасынын тургундарынын айылдык кеңеш тарабынан Каюмова Раисага Беш чоку участкасынан 17,0 га жер ажыратууга макулдук бербөөнү суранышкан. Аталган токтомдо жерди Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын талаптарына ылайык пайдалануу үчүн бекитип берүү айыл Өкмөтүнө тапшырылган. Ошондуктан аталган жерди пайдалануу үчүн берүүнү же бербөөнү Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын талаптарына ылайык айыл өкмөтү өзүнүн жер комиссиясында чечүүсү боюнча депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн №35-үйүнүн тургуну Каюмова Раиса Нурдинжановнанын айыл Өкмөтүнүн Мончок Төбө участкасындагы №407 сандуу контурдагы 9,8 га жана №754 сандуу контурдагы 7,7 га, жалпы аянты 17,5 га жер тилкесин өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн пайдаланууга берүү жана Нооруз айылынын Мунчок Төбө участкасынын тургундарынын айылдык кеңешке жазган арызы С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан чечилиши белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б.Маннанов |