Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-декабры № 19-20
Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Маннанов Адилжан Абдулакимовичтин өзүнүн жашап жаткан үйүнөн жана үйдүн алдындагы жер аянтына автоунааларды жуучу кичи ишкана курууга уруксат сурап жазган арызы жөнүндө
Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Маннанов Адилжан Абдулакимовичтин өзүнүн жашап жаткан үйүнөн жана үйдүн алдындагы жер аянтына автоунааларды жуучу кичи ишкана курууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Ленин көчөсүнүн тургуну Маннанов Адилжан Абдулакимовичтин жеке менчик үйүнүн алдындагы жер аянты тротуар болгондугуна байланыштуу өзүнүн жашап жаткан үйүнөн жана үйдүн алдындагы жер аянтына автоунааларды жуучу кичи ишкана курууга уруксат берилбесин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу С. Юсупова айыл өкмөтнө жана айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б.Маннанов |