Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-декабры № 19-22
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы үй бүлөөлөргө 2016-2020-жылдарга карата толтурулуучу чарба китебин толтурууну уюштурууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат ажыратуу жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы үй бүлөлөргө 2016-2020-жылдарга карата толтурулуучу чарба китебин толтурууну уюштуруу жана зарыл болгон жабдуулар, кеңсе товарлары сатып алуу үчүн айыл Өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каражат ажыратуу боюнча айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы Н. Кубатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн аймагындагы үй бүлөлөргө 2016-2020-жылдарга карата толтурулуучу чарба китебин толтурууну уюштуруу жана зарыл болгон жабдуулар, кеңсе товарлары сатып алуу үчүн айыл Өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 50000 (элүү миң) сом акча каражат ажыратылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Р. Базарбаевге, ал эми аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин каржы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Маннанов |