Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-декабры № 19-24
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн “MSDSPKG» коомдук фондунун Бирге-Долбоорунун алкагында түзүлгөн жумушчу топтун стратегиялык пландын аткарылышы боюнча отчетун бекитүү жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн “MSDSPKG» коомдук фондунун Бирге-Долбоорунун алкагында түзүлгөн жумушчу топтун стратегиялык пландын аткарылышы боюнча отчетун бекитүү жөнүндө айыл Өкмөтүнүн башчысынын орун басары И. Довидовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн “MSDSPKG» коомдук фондунун Бирге-Долбоорунун алкагында түзүлгөн жумушчу топтун айыл Өкмөтүнүн стратегиялык планынын аткарылышы боюнча отчету бекитилсин. (отчет тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча
Төрага | Б.Маннанов |
С. Юсупова айылдык Кеңешинин
4-чакырык 19-сессиясынын
19-24-токтому менен бекитилген
Киришүү
MSDSP KG коомдук фондунун Коомчулуктардын демилгелерин колдоо аркылуу социалдык биримдикти бекемдөө долбоорун алкагында С. Юсупова айыл өкмөтүн денгээлинде түзүлгөн жумушчу топ айыл өкмөттүн азыркы учурда колдонуп жаткан стратегиялык планын жакшыртуу жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында өзгөрүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыкты.
Азыркы учурда колдонуп жаткан стратегиялык планды колдонгон мөөнөт ичи айыл өкмөтү жакшы натыйжаларга жетишкен, бирок биздин оюубуз боюнча убакыт өткөн сайын бир аз өзгөртүүлөрдү киризүүсү зарыл.
Стратегиялык планды жанылоо процессин башталгандан мурда аны баалап чыгып жыйынтыктарын аныктап алуу керек. Жыйынтыктарды стратегиялык пландын жаныланган версиясын иштеп чыгуу үчүн керек болот. Бул баалоо жаныланган версия үчүн абдан маанилүү
Бул баалоо негизинен проекттерди ишке ашырууга гана багытталбай, ал эми элес, миссия жана стратегиялык максаттарга басым жасайт, ушундай эле тандалган проекттер кайсы даражада стратегиялык элесте аныкталган максаттарга жетүүгө жана абалды өзгөрүүсүнө жардам берген.
Бул отчетто миссия дегенде жергиликтүү өз-алдынча башкаруу органдарынын стратегияны ишке ашырып жаткандагы ролу болуп эсептелип баалайбыз.
Азыркы учурда колдонуп жаткан статегиялык пландын даярдоосун тарыхы
Азыркы учурда колдонуп жаткан статегиялык план 2013-жылы бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү үз-алдынча башкарууну өнүгүү стратегиясына негизделип иштелип чыккан. Андан соң Араван райондук мамлекеттик администрациясынын №34-токтомун негизинде 13 адамдан турган комиссия түзүлгөн. Бул комиссия ар бир айылда элдик жыйындарды уюштуруп стратегиялык планга киргизилетурган көйгөйлөрдү аныктаган.
План элдик жыйындарда эл сунуштаган көйгөлөрдү камтып иштелген.
Азыркы учурда колдонуп жаткан статегиялык план жөнүндө кыска маалымат.
Азыркы учурдагы стратегиялык план 23 багыттан турат. 2013–2017- жылдарда ушул багыттар боюнча иш-чаралар көрүлөн. Миласы: мектепке чейинки билим берүү боюнча көп иштер аткарылган.
Азыркы учурда колдонуп жаткан статегиялык планды баалоо.
Ийгиликтүү стратегиялык пландардын мисалдарын карап чыкканда алардын негизги элементары элес, миссия жана стратегиялык максаттары зарыл экендиги аныкталды.
Азыркы учурда колдонуп жаткан стратегиялык планды карап чыкканда анын элеси, миссиясы жоктугу жана бир максат бир нече жолу жазылгандыгы аныкталды.
Жыйынтыктар:
Пландын структурасын жолго салуу боюнча иш жүргүзүү жана элес менен миссияларды кошуу зарыл.
Андан сырткары баалоо процессесинде стратегиялык пландын ичине күнүмдүк жашоонун бир нече багыттары кирбегендиги аныкталган. Мисалы: Араван району агрардык болуп эсетелет, бирок план агрардык маселелерди толугу менен камтыбайт.