Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-декабры № 19-25
Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн тургуну Шадиев Кадирдин Араван айылынын М.Султанов көчөсүндөгү талаа станын сатып алгандыгына байланыштуу талаа станына тийиштүү болгон жер аянтын жеке менчикке өзүнө сатып алууга макулдук берүү боюнча жазган арызы жөнүндө
Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн тургуну Шадиев Кадирдин Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү талаа станын сатып алгандыгына байланыштуу талаа станына тийиштүү болгон жер аянтын жеке менчикке өзүнө сатып алууга макулдук берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын Токтогул көчөсүнүн тургуну Шадиев Кадирдин Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү талаа станын сатып алгандыгына байланыштуу талаа станына тийиштүү болгон 1220 м2 жер аянтын өзүнө жеке менчикке сатууга макулдук берилсин.
2. Шадиев Кадирге Токтогул көчөсүнүн тургуну Шадиев Кадирдин Араван айылынын М. Султанов көчөсүндөгү талаа станын тийиштүү болгон 1220 м2 жер аянтын өзүнө жеке менчикке сатуу маселеси С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген жеке менчикке сатуу жагы сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу С. Юсупова айыл өкмөтнө жана айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | Б.Маннанов |