Загрузка документа…
С.ЮСУПОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-декабры № 19-27
Мангыт айылынын тургуну Жусупов Тойчубаек Аматовичтин Көк-Сарай участкасынан ижарага алган 11,0 га кайрак жердин 0,65 га аянтын скважина орнотуу жана ага тийиштүү курулуштарды куруу үчүн трансформация кылууга уруксат сурап жазган арызы жөнүндө
С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Көк-Сарай участкасындагы айыл Өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон № 49-контурдагы 0,65 га кайрак жерге Жусупов Тойчубаек Аматович өзүнүн эсебинен скважина орнотуу жана ага тийиштүү курулуштарды куруу үчүн трансформация кылууга уруксат сурап жазган арызын карап чыгып, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн Көк-Сарай участкасындагы айыл Өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон № 49-контурдагы 0,65 га кайрак жерди өнөр жай багытындагы жерге которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. С. Юсупова айыл Өкмөтүнө айыл Өкмөтүнүн мамлекеттик фонд жерлерине таандык болгон № 49-контурдагы 0,65 га кайрак жерди которууга (трансформациялоого) зарыл болгон документтерди даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык Кеңештин жер, турак жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана С. Юсупова айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Б.Маннанов |