Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-январы № 2
Кыргыз Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсебин бекитүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектептин, №2 “Чебурашка”, №16 “Ыйман” бала-бакчаларынын, “Мазар-Булак” паркынынын айланасын темир решетка менен тосуу №1 Т.Сатылганов атындагы орто мектептин ички ремонту Кыргыз Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталгандыгын жана долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсебин бекитип берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине 30.12.2015-жылы сунуш кат менен кайрылган. Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына кароосуна сунушталып, туруктуу комиссия жогорудагы долбоорлорго берилүүчү өздүк салымдын эсебин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында шаардык Кеңештин жалпы депутаттарынын талкуусуна сунуш кылышкан.
Кыргыз Республикалык үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары берүүлүүчү каражаттын эсебин бекитүү жөнүндөгү Нарын шаарынын мэри Р.Адиевдин билдирүүсүн угуп, шаардык Кеңештин депутаттарынын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык мэриясы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектептин, №2 “Чебурашка”, №16 “Ыйман” бала-бакчаларынын, “Мазар-Булак” паркынынын айланасын темир решетка менен тосуу жана №1 Т.Сатылганов орто мектебинин ички ремонту Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын каржылоосуна сунушталсын жана долбоорлорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттин экономикалык чыгымдар беренесинен өздүк салым катары берүүлүүчү 1 215 147 сом тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Турсуналиев |
Нарын шаардык Кеңешинин
19-январь 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы
XXVIII сессиясынын №2 токтомуна тиркеме
№ | Долбоордун аталышы | Жалпы сметанын баасы (сом) | Мунун ичинен | ||
| Өздүк салым (сом) | Үлүштүк гранттын эсебинен (сом) | эскертүү | ||
1. | №4 Э.Ибраев атындагы мектептин айланасын темир решетка менен тосуу | 1 037 288 | 259 322 | 777 966 |
|
2. | №1Т. Сатылганов атындагы орто мектептин ички ремонту | 945 623 | 236 405 | 709 218 |
|
3. | №2 “Чебурашка” бала0бакчасынын айланасын темир решетка менен тосуу | 792 409 | 198 102 | 594 307 |
|
4. | №16 “Ыйман” бала-бакчасынын айланасын темир решетка менен тосуу | 1 319 397 | 329 849 | 989 548 |
|
5 | Мазар –Булак паркынын айланасын темир решетка менен тосуу | 765 876 | 191 469 | 574 407 |
|
| Баардыгы | 4 860 593 | 1 215 147 | 3 645 446 |
|
Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси А.Абдыкеримов