КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы
2015-жылдын 19-ноябры № 20/2
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы коомдук бирикмелердин төрагаларынын 2014-2015- жылдарда аткарган иштери боюнча отчёттору (М.Төлөнбеков, К.Жукешов, К.Сыдыковдордун отчёттору)
Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, коомдук бирикмелердин төрагаларын отчёт маалыматтарын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу СПАнын төрагасы М.Төлөнбековдун аткарыл келген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Шамшы айылындагы СПАнын төрагасы К.Сыдыковдун аткарып келген иштеринде кетирилген кемчиликтери, сын-сунуштардан өз убагында аткарылышын талап кылып, иштеген ишине “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
3. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу “Кум-Дөбө Ичээр Суу” ИСКАКБнын төрагасы болуп жаңы иштеген К.Жукешовдун иштегенден берки иши алга жылгандыгы эске алынсын.
4. Жакын арада элдик жыйын өткөрүлүп “Кум-Дөбө Ичээр Суу” ИСКАКБнын төрагалык кызматты чечип бердирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убалиевге милдеттендирилсин.
5. “Кум-Дөбө Ичээр Суу” ИСКАКБнын элдик жыйындын токтому менен тарифи жана сметасы бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | А.Тургуналиева |