Редакцияот 19.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы

 

2015-жылдын 19-ноябры № 20/3

 

Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 9 айлык салыктын түрлөрүнүн чогулушу жөнүндө (Башкы салык инспектору К.Курманалиеванын отчёту)

Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башкы салык инспектору К.Курманалиеванын 9 айлык отчётун угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн  башкы салык инспектору  К.Курманалиеванын 9 айлык отчёту “Канааттандыраарлык” деп табылсын.

2. Кум-Дөбө айыл өкмөтү боюнча салыктын түрлөрү боюнча жыл аягына чейин уюшкандыкта аткарып, аткарылышы жөнүндө маалымат берүү жагы ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге тапшырылсын.

3. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинде бир топ кетирген кемчиликтер жана өз убагында жайыт салыгы чогулбай жаткандыгы эске алуу менен жыл аягына чейин аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Убалиевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым

А.Тургуналиева