Редакцияот 19.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы

 

2015-жылдын 19-ноябры № 20/8

 

Айыл чарба күнүн өткөрүү жөнүндө

Депутаттардын V-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөт башчысы С.Убалиевдин айыл чарба күнүн өткөрүү жөнүндө маалымат угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба күнүнө карата дыйкан-фермерлерге сый тамак уюштуруу үчүн 01.01.2016-жылга карата бош калган каражаттын эсебинен 20 (жыйырма миң) сом бөлүнсүн.

2. Бөлүнгөн каражатты чыгарып берүү жагы ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге тапшырылсын.

3. Жогорудагы каражатты каржылап берүү жагы Кочкор райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы С.Убалинвге милдеттендирилсин.

 

Төрайым

А.Тургуналиева