Редакцияот 08.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XХIII сессиясы

 

2015-жылдын 8-октябры № 142

 

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 6 айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселени айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын биринчи жарым жыолдыгына карата киреше бөлүгү план боюнча – 8971,7 миң сом болсо, аткарылышы – 9049,7 миң сом, башкача айтканда 100,9%га же болбосо 78,0 миң сомго ашыкча аткарылгандыгы эске алынсын.

2. Чыгаша бөлүгү - план боюнча – 10954,6 миң сом болсо, аткарылышы – 6427,7 миң сом, башкача айтканда 58,67%га же болбосо 4527,4 миңге аз чыгымдалгандыгы  эске алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Финансы экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Кимсанов